​Олимпиада күндөлүгү. Роман Петров япониялык спортчудан жеңилип калды

  • 3 года мурун

Кыргызстандык спортчу Роман Петров фехтование боюнча 1/ 16 финалынын таймашында япониялык спортчу Ямада Масаду менен ат салышып, 15:13 эсебинде утулуп калды.


Роман Петров 1/16 финал мелдешинде кореялык спортчу Сегеон Ма менен беттешип, 15:7 эсебинде утуп алган.

Токио шаарында жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Анда кыргызстандык 16 спортчу катышууда.

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгып, өз бөлүгүндө үчүнчү орунду ээледи. Ошондой эле, өзүнүн көрсөткүчүн жаңылады.

Квалификациялык жарышка 49 спортчу катышып, алар өз ара жети топко бөлүнгөн. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу финалдык бөлүккө жолдомо алды.

Ал эми кыргызстандык Денис Петрашов бул жарышта 1 мүнөт 00.23 секундада келип 27-орунду ээледи.

24-июлда Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште 612,8 упай менен 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты