​Токиодогу Олимпиада оюндарын көрүүгө Адылбек Касымалиев, Галина Байтерек баштаган чиновниктер кошо кетишкен

  • 3 года мурун

Японияда өтүүчү ХХХII жайкы олимпиадалык оюндар бүгүн, 23-июлда, Токио шаарында башталды.


Кыргызстандын намысын 16 спортчубуз коргогону турат.

Улуттук олимпиадалык комитеттин маалыматына караганда, Японияга сапар алган делегациянын курамына 41 адам кирген, Алар: 16 спортчу, 14 машыктыруучу, дарыгер, массажчы, команданын пресс-атташеси, ошондой эле УОКтун мүчөлөрү, федерациялардын, мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү.

Бирок булардан тышкары, мамлекеттик чиновниктер дагы Олимпиада оюндарын көрүүгө бара жатканы коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Японияга спорттук делегация менен кошо президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин бир нече кызматкери, ЖК депутаттары жөнөп кетишкен. Алардын катарында Президенттик администрация башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев жана президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек да бар экени айтылды.

Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты