Токио сапары: Жапаров премьер-министр Такаити менен жолукту

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Токио шаарында өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтерди, анын ичинде кош салык салууну жоюу боюнча келишимди жана JICA линиясы боюнча бир катар документтерди жогору баалады.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көбөйүшүн канааттануу менен белгиледи. Буга байланыштуу Президент соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн тиешелүү экономикалык ведомстволордун биргелешкен ишин активдештирүүнү сунуштады.

Мамлекет башчы ошондой эле туруктуу энергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү Кыргызстандын негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Япония эл аралык кызматташтык агенттиги менен кызматташуунун олуттуу натыйжаларына, ошондой эле кадрларды даярдоо программаларынын маанилүүлүгүнө токтолду, анын аркасында бүгүнкү күндө көптөгөн бүтүрүүчүлөр жооптуу мамлекеттик кызматтарды ээлеп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууда. Буга байланыштуу JDS стипендиялык программасы боюнча квотаны көбөйтүүгө үмүт артылды.

— Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаитинин Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты биргелешип түзүү максатында мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;

— Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана качуунун алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы;

— Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн «Кыргыз Республикасында электр тармагын эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо» долбоору боюнча макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул Долбоор боюнча гранттык макулдашуу.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн «Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы» долбоору боюнча (Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана илимий жабдууларды сатып алуу) макулдашуусу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул Долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун аймактык ооруканаларынын медициналык жабдууларын жакшыртуу» долбоору боюнча нота алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуусу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кКабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосунда “Бишкек-Ош автомобиль жолундагы Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)” долбоору боюнча нота алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуусу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн «Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (Жабдуулары бар эки медициналык контейнерди/дөңгөлөктүү диагностикалык кабинеттерди берүү)» долбоору боюнча макулдашуусу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул Долбоор боюнча гранттык макулдашуусу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосунда нота алмашуу жолу менен түзүлгөн “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программасы (JDS программасы)” долбоору боюнча макулдашуусу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы ушул долбоор боюнча гранттык макулдашуусу.

20-декабрда Президенттин Токио сапары соңуна чыкты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты