Олимпиада күндөлүгү. Роман Петров фехтование боюнча 1/16 финалга чыкты

  • 3 года мурун

Кыргызстандык спортчу Роман Петров фехтование боюнча жеңишке жетишти.


Ал кореялык спортчу Сегеон Ма менен беттешип, 15:7 эсебинде утуп алды. Роман Петров 1/16 финалга чыкты

Бишкек убактысы боюнча саат 10:10до ал япониялык Масару Ямада менен беттешет.

Токио шаарында жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Анда кыргызстандык 16 спортчу катышууда.

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгып, өз бөлүгүндө үчүнчү орунду ээледи. Ошондой эле, өзүнүн көрсөткүчүн жаңылады.

Квалификациялык жарышка 49 спортчу катышып, алар өз ара жети топко бөлүнгөн. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу финалдык бөлүккө жолдомо алды.

Ал эми кыргызстандык Денис Петрашов бул жарышта 1 мүнөт 00.23 секундада келип 27-орунду ээледи.

24-июлда Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште 612,8 упай менен 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты