Каныкей Кубанычбекова 48-орунду ээледи

  • 3 года мурун

Каныкей Кубанычбекова Японияда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында спорттун пневматикалык мылтыктан 10 метрге ок атуу түрүнөн мелдеште 48-орунду ээледи.

Ок атуу боюнча мелдеш 24-июлда Жапониянын Осака шаарында өтүп, 10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы квалификациялык мелдешке 50 спортчу катышты. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 5:30да башталды.

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова мелдеште 612,8 упай топтоп 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи. Мелдештин финалдык бөлүгүнө чыгуу үчүн спортчу 628,5 упай топтош керек болчу.

10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы мелдештин финалдык бөлүгүнө сегиз спортчу чыкты. Мелдештин финалы 25-июлда өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты