​“Ар бирибиздин көз караш, талабыбыз өзгөргөндө, шайлоо системасын өзгөртө алабыз” (ВИДЕО)

11-июлда Бишкек, Токмок, Ош шаардык кеңештерине кайталап шайлоо өткөрүлөт. 11-апрелде өткөн аталган шаарлардагы шайлоодо добуш сатып алуу жокко чыгарылган эле. «ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө “Шаардык кеңештерге кайталап шайлоолор кандай өтөт?” деген темага сереп салабыз.

Бул тууралуу “Аялдардын демократиялык түйүнүнүн” төрайымы ГҮЛЖАН БАЙБЕТОВА жана активист айым ДАМИРА ОМОРОВА өз пикирлери менен бөлүштү.

-Ар бир жарандын көз карашы, өзүнө талабы, мыйзамды аткаруу жолундагы талабы өзгөргөндө биз шайлоо системасын өзгөртө алабыз деп ойлойм.

Башынан эле туура эмес жолго түшүп алып, ал жолдон чыга албай жатабыз. Биздин түшүнүгүбүз боюнча капчыктуу партия келсе, элдин добушун сатып алса, анда бир күндүк көйгөйүбүз чечилет. Бир мүшөк ун же же беш литр майга өзүбүздүн 4 жылдык жашообузду сатып жибердик дешүүдө.

Чын эле беш литр майды төрт жылга бекер алуу эмес, ар дайым түзүлгөн ыңгайлуу шарт, жол менен өзүңдү өзүң бага турган жолго түшүш керек. Ошондо партия системасы өзгөрөт, партия лидерлеринде да “канчалык акчамды чачпайын, жасаган иштерим таза болбосо, элиме болгон кызматым жемиштүү болбосо, шайлоочу добушун менин партияма бербейт экен” деген түшүнүк да болушу керек.

Шаардын транспорт көйгөйү болобу, суу же жол көйгөйү болобу, ошолорду чече билген депутаттарды шайлаганды үйрөнсөк, татыктуу депутаттар келет, -дейт Дамира Оморова.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДОН ТААНЫША АЛАСЫЗДАР.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты