Бишкекте суунун баасы жогорулайт
- 1 месяц мурун
Бишкекте суу жана саркынды сууну чыгаруу баасы жогорулайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары токтом долбоорун жактырды.
Долбоорду Бишкек шаардык кеңешинин 38 депутаты колдоп, бир депутат калыс болду.
Бишкек шаардык мэриясы суунун баасын 1 кубометрине 15 сом 73 тыйын, саркынды сууну чыгарууну 1 кубометрине 6 сом 80 тыйын кылуу боюнча токтом долбоорун шаардык депутаттардын кароосуна сунуштаган. Ушул тарифти шаардык кеңеш депутаттары колдоп берди.
Буга чейин калк үчүн суунун баасы бир кубометрге 10 сом 35 тыйын, саркынды сууну чыгаруу бир кубометрине 3 сом 45 тыйындан болуп келген.
Ошондой эле Бишкек шаардык кеңеши коммерциялык уюмдарга, сууну көп пайдаланган объекттерге (мончо, сауна, унаа жуучу жай, мал союлуучу жайларга ж.б.) жогорулатылган баа киргизүүнү колдоду.
«Бишкек суу канал» ишканасы суунун тарифтерин жогорулатуу зарылчылыгын чыгымдардын өсүшү менен түшүндүрүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




