​Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоо жараксыз деп табылды

  • 3 года мурун

12 — майдагы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 11 –апрелдеги Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоо жараксыз деп табылды.


Ошентип, 11 — апрелде добуш берген шайлоочулардын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп табылды. Бул учурда аймактык шайлоо комиссиясы бардык участоктор боюнча жыйынтыктарды толугу менен жокко чыгарат.

Жалпысынан Бишкек шаарындагы 60 миң 350 добуш же 45,5 пайызы жараксыз деп табылды.

Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы Президент Садыр Жапаровдон Бишкек шаарында кайрадан шайлоо дайындоону суранды.

Бишкек АШКсы буга чейин «Эмгек» жана «Ак Бата» саясий партияларынын шайлоо мыйзамдарын одоно бузгандыгын аныктап, алган добуштарын жараксыз деп тапкан.

Эске сала кетсек, 11 — апрелдеги Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо 6 партия жеңишке жетишип, кийин добуш сатып алууга аракет кылгандыгы үчүн НДПК партиясы шайлоодон четтетилген.

11 — май күнү дал ушундай эле шайлоо мыйзамдары бузулгандыгы үчүн Ош шаардык кеңешине болгон шайлоо дагы жокко чыгарылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты