​Ош, Бишкек, Токмокто кайра шайлоо 11-июлда өтөт

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.


Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалды.

11- апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Токмок, Бишкек жана Ош шаарларында добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар массалык түрдө орун алып, Аймактык шайлоо комиссияларынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен аталган шаарлардагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты