​Асылбек Жээнбеков “Мага байланыштуу иштерди саясий күрөш деп эсептейм”

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков кайрылуу жасап, өзүнө байланышкан иштерди саясий күрөш деп эсептеди:


-Мага байланыштуу болуп жаткан бул иштерди мен саясий күрөш деп эсептейм. Мыйзамсыздык үстөмдүк кылууда. Өлкөнүн Конституциясы, мыйзамдар бузулуп жатат.

Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым.

Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин.

“Кумтөр” иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомду төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат.

Баарыбыздын кылганыбызды Кудай өзү таразалап коет.

Өлкөдө жөнөкөй эмес социалдык-экономикалык абал орун алууда. Эпидемиологиялык кырдаал да кайрадан курчуп жатат. Мындай учурда мамлекетибизге ынтымак, биримдик керек.

Акыркы кезде мага артылып жаткан куру доомат, жалган жалаа мени адилеттик, акыйкаттык, абийир үчүн күрөшкө түртөт.

Баарыбыз мыйзамсыздыкка каршы турушубуз керек. Келечекте балдарыбызга калтыра турган эң чоң байлык – бул укук, мыйзамдуулук үстөмдүк кылган Кыргыз мамлекети., -деди Асылбек Жээнбеков.

Кылмыш жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен кылмышка шектелип кармалган Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду 31-май күнү райондук сот 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Шаардык сот Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, депутаттардын жактоочулары келтирген үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтөрү канааттандырылган жок.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты