​Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров камакта калды

  • 3 года мурун

“Кумтөр” иши боюнча камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык сотунда каралды.


Шаардык сот Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, депутаттардын жактоочулары келтирген үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтөрү канааттандырылган жок.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен кылмышка шектелип кармалган А.Жээнбеков менен Т.Зулпукаровду 31-май күнү райондук сот 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты