​Кайра шайлоонун үгүт иштери башталды

  • 3 года мурун

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жергиликтүү кеңештерине болгон кайра шайлоонун үгүт иштери башталды.


Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган.

Бишкек шаардык кеңешине 18 партия:

«Ата-Журт Кыргызстан»;

«Эмгек»;

«Туран» демократиялык партиясы;

«Келечек-Будущее»;

«Реформа»;

«Өнүгүү-Прогресс»;

«Биздин Кыргызстан»;

«Биздин Эл»;

«Борбор» демократиялык партиясы;

«Замандаш»;

«Ынтымак»;

«Күч бирдикте» социалдык-саясий партиясы;

«Жаны-Мезгил» мигранттар, үй куруучулар жана агрардык реформа саясий партиясы;

«Социал-демократтар»:

«Ишеним»;

«Улуу-Журт»;

«Кыргызстандын жашылдар партиясы».

Ош шаардык кеңешине 9 партия:

«Ынтымак»;

«Улуу Журт»;

«Бир бол»;

«Биздин Кыргызстан»;

«Бүтүн Кыргызстан»;

«Ата-Журт Кыргызстан»;

«Улуттар биримдиги»;

«Келечек-Будущее»;

«Нур».

Токмок шаардык кеңешине 6 партия:


«Эл биримдиги»;

«Бирге-Вместе»;

«Эмгек»;

«Патриот ынтымагы»;

«Асыл Мурас жаштары»;

«Ата-Журт Кыргызстан»;

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы үч шаардагы шайлоого катышууда. 5 партия эки шаардагы шайлоого талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо жеңип келген айрым партиялардын шайлоо мыйзамдарын одоно бузуп, добуш сатып алуу, административдик ресурстарды пайдалануу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге баргандыгы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарылган.

Президент Садыр Жапаров Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыкка 28-май күнү кол койгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты