​Сот Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоону жокко чыгарды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 10 — майда Бишкек шаардык административдик соту Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоону жокко чыгаруу тууралуу Боршайкомдун чечимин күчүндө калтырды.


Буга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төрт партиянын «Эмгек» партиясына каршы арыздарын карап, 7 участокто добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарган.

«Эмгек» партиясы бул чечим боюнча Жогорку Сотко даттанаарын билдирди.

Эгерде Жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырса, эки жуманын ичинде кайрадан шайлоо өткөрүлүшү керек.

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо «Эмгек» партиясы Токмок шаарынан шайлоочулардын 47,7 пайыз добушуна ээ болуп, ишенимдүү жеңишке ээ болгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты