Тайырбек Сарпашев абакта калды
- 3 года мурун
Кечээ, 18-июнда мурдагы вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев “Кумөр” иши боюнча коррупцияга шектелип, камакка алынган.
Бүгүн, 19-июнда Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасын караган Бишкек шаарынын Бирични май райондук соту аны 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин кабыл алды.
Эске сала кетсек, май айында Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумөр» ишканасындагы коррупциялык аракеттер боюнча 4 кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрү жатканын, бир катар мурдагы жана учурдагы чиновникетр, депутаттар да суракка чакырылып, айрымдары камалаарын айткан.
31-майда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов суракка чакырылып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип, камакка алынган.
Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдагы камакка алынып, 1-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынышкан.
Фото интернеттен алынды