»Кумтөр» иши: Алмазбек Баатырбеков эки айга камалды
- 3 года мурун
Мурдагы биринчи вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынан экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков УКМК убактылуу камак жайына эки айга камалды.
Бул тууралуу чечимди бүгүн, 9-июнда, Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
“Кумтөр” кенинин тегерегиндеги коррупцияга шектелип, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс- биринчи вице-премьер-министр, «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалган.
«Кумтөр» ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс – депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматов 31 – майда камакка алынышкан.
31 — май күнү Биринчи май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
«Кумтөр» иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев 31 – июлга чейин камакта калтырылды.