​Кыргызстан менен Канада «Кумтөр» маселесин талкуулады

  • 3 года мурун

Кыргызстан менен Канаданын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Марк Гарно 3-июнда телефондон сүйлөштү. Эки министр Кумтөр кенинин айланасында пикир алышты.


Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Казакбаев «кыргыз бийлиги ак ниет чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүүгө даяр экенин, «Кумтөр» долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуу керектигин» белгилеп, өлкөгө мыйзамдарды, айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сыйлаган инвесторлор чакырыларын белгиледи. Маалыматта Канада тараптын айткандары кошулган эмес.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизүүнү тапшырган.

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. “Centerra Gold” компаниясы мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

Анын жетекчиси Скотт Перри «кыргыз бийлиги кенди иштетүүгө багытталган алардын диалог түзүү аракеттерин четке кагып» жатат деген билдирүү жасаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты