​«Центерра» кыргыз элине кайрылуу жасады

  • 3 года мурун

«Центерранын» башчысы Скотт Перри Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти компаниянын расмий сайтында жарыяланган.


Анда «Центерра» «Кумтөр» кенин иштетүүгө 3,4 миллиард доллардан ашык каражат жумшаганын, кендин иштөө мөөнөтүн 18 жылдан 34 жылга көбөйтүлгөнү айтылат.

Ошондой эле Скотт Перри компания эл аралык экологиялык, коопсуздук жана инженердик стандарттарга ылайык иш алып барганын айтып:

«Биздин жетекчилигибиз менен «Кумтөр» кени Кыргыз Республикасындагы эң ири иш берүүчү жана ири салык төлөөчүсүнө айланды. Кыргыз экономикасына жана социалдык программаларына чоң салым кошо алды. Кумтөр кенин басып алуу жалган маалыматтарга жана негизсиз айыптоолорго негизделген», — деди.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин мындай иш-аракеттери Кыргызстандын экономикасына жана келечектеги чет элдик инвестицияларга коркунуч келтирээрин кошумчалашкан.

Акырында, «Центерра» мурдагыдай эле Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен конструктивдүү диалогго даяр экенин, бирок кыргыз бийлиги азырынча сүйлөшүүлөрдү баштоо аракеттерин жоопсуз калтырып жатканын билдиришкен.

Канадалык компания тарабынан «Кумтөр» кенин иштетүүдө Кыргызстандын экологиясына болуп көрбөгөндөй сокку урулганын компаниянын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын кортундусунда айтылган.

Учурдагы Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова буга чейин «Кумтөр» ишканасы Кыргызстанга 5,4 млрд доллар экологиялык зыян келтирилгенин айтып чыккан.

2021-жылдын 7-майында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд. сом өндүрүү чечимин чыгарган.рган.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты