​Парламент Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизүү сунушун берди

  • 3 года мурун

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 17-майдагы, кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын иликтөө жыйынтыгы талкууланган соӊ, бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды.


Токтомдо мамлекеттик комиссиянын “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы эске алынып, комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы 3 айга узартылды.

Андан тышкары, “Кумтөр” алтын кенинде түзүлгөн жагымсыз кырдаал эске алынуу менен, Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жана тышкы башкаруучуну дайындоо сунушу берилди.

Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн.

Кенден жылына болжол менен 15-18 тонна алтын өндүрүлөт. «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеӊешинин курамы 11 адамдан турса, кыргыз тараптан 3 гана өкүл бар.

16-майда “Центерра” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кумтөр боюнча комиссиянын баяндамасы каралды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты