Тенгиз Бөлтүрүк: Азыркы маселе — “Кумтөрдө” башкаруунун автоматтык системасын калыбына келтирүү

  • 3 года мурун

“Кумтөр” кенинин тышкы убактылуу башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк бүгүнкү пресс-конференцияда азыркы тапта негизги маселе “Кумтөр” кениндеги автоматтык башкаруу системасын калыбына келтирүү экенин белгиледи.


Тенгиз Бөлтүрүктүн айтымында, компьютердик системадагы маалыматтардын баарын чет өлкөгө которуп алып кетишкен. Компьютердик системанын баары өчүрүлгөн. Бул анда иштеген үч миңдей кызматкердин коопсуздугуна да таасирин тийгизет. Алар Centerra Gold компаниясынын туткунунда калган. Бул иштер боюнча укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Тактап айтканда, аралыктан Ellipse, RMsoft, Gemcom системасы өчүрүлгөн. Бул системаны кол менен башкарууга аргасыз кылган. Ага карабастан, абал көзөмлгө алынган. Азыркы тапта “Кумтөр” иштеп жатат.

Ушул тоскоолдуктарга карабастан, башкаруу автоматтык системадан кол менен иштөө системасына өткөрүлүп иш жүрүп жаткандыгы белгиленди.

“Лысый” жана “Давыдов” мөңгүлөрү тарабындагы иштер токтотулат. Таза мөңгү суусун пайдалануу токтотулат.

“Өзүнүн аракеттери менен канадалык инвесторлор кызматкерлердин өмүрүн тобокелге салышты. Тилекке каршы, кенде кайгылуу окуялар да болгон. 2012-жылы Лысый мөңгүсүндө мөңгү жылып, вахталык поселокту жана кампаларды талкалаган. Анда инфраструктураны калыбына келтирүүгө 70 млн доллар чыгымдашкан. 2019-жылы трагедия кайталанган, андан эки адам жапа чеккен. Буларды билип туруп, чара көрбөгөн Центерра Голд компанинин ишин кылмыштуу деп эсептейм” деди Тенгиз Бөлтүрүк.

16-майда “Центерра” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кумтөр боюнча комиссиянын баяндамасы каралды.

Тенгиз Бөлтүрүк Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунуштамасы менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы башкаруучу кызмат ордуна дайындалды.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бүгүн, «Кумтөр» кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров, тышкы убактылуу башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк, башкы эколог Динара Кутманова преес-конференция өткөрүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты