​Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» жамаатына тааныштырылды

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 18-майда «Кумтөр» ишканасынын кендеги жамаатына убактылуу башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды.


Ошондой эле Улукбек Марипов кендеги жумушчулардын социалдык төлөмдөрдүн сакталышы, эмгек акы жана ишкананын келечеги жөнүндө суроолоруна жооп берди.

«Кендин иши токтотулбайт жана кадимки режимде иштей берет. Кызматкерлер тийиштүү төлөмдөрүн ала беришет.Кыскартуу жөнүндө сөз жок. Биздин негизги максатыбыз — жөнөкөй жарандардын жашоосун жакшыртуу. Биз буга ачык жана таза иштөө менен гана жетише алабыз ”, — деди Улукбек Марипов.

Тенгиз Бөлтүрүк Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунуштамасы менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы башкаруучу кызмат ордуна дайындалды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты