​Кумтөр кенин көрүп кетүүгө Канада жана Улуу Британия элчилери чакырылды

  • 3 года мурун

«Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия кендеги экологиялык кыянатчылыктарды өз көзү менен көрүп кетүү үчүн чет элдик элчиликтерге тур уюштуруп берүүгө даяр экенин билдирди.


«Кумтөр» ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк:

«Бардыгы ачык болсун деп жатабыз. Улуу Британия менен Канаданын элчилерин Кумтөр кенине барып келүүгө чакырым. Атайын тур уюштуруп беребиз», — деди.

Комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров дагы Кумтөр боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүүнү каалаган ММК өкүлдөрү менен кызматташаарын, аларга бардык маалыматты берүүгө, ишти ачык – айкын алып барууга даяр экенин айтты.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты