​Матраимовдордун айрым медиаларга койгон 60 миллион сомдук доосу боюнча сот иши токтотулду

  • 3 года мурун

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык иш аракеттерин ашкере кылган маалымат булактарына карата сот чечими чыкты.

23 — апрелде Райымбек Матраимов жана анын үй бүлө мүчөлөлөрү мамлекетке ири зыян келтирген коррупциялык иштери тууралуу иликтөөлөрдү жарыялаган «Азаттык», «24.kg», «Клооп» жана иликтөөчү журналист Али Токтакуновго койгон 60 миллион сомдук доо арызынан баш тартышкан.

Алардын келтирген өтүнүчү боюнча 27 — апрель күнү Свердлов райондук соту бул ишти токтотту.

Эске сала кетсек, 2021 — жылдын 11 — февралында Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал буга чейин Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Райымбек Матраимовдун айып пул менен камактан кутулуп кеткенине нааразы болгон коомчулук атайын акцияларды да уюштурушкан.

Натыйжада ал 20 — февралда кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу камакка алынган. Бирок 15 – апрелде «чет жактагы мүлктөрү табылган жок» — деп УКМК анын кылмыш ишин кыскартып, эркиндикке чыгарган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты