Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жер тилкелери боюнча доо арыздарын кайтарып алат
- 4 месяца мурун
Мэр Айбек Жунушалиев Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жер тилкелерине байланыштуу 29 доо арызын кайтарып алууну тапшырды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
«Бул чечим маселелерди соттон тышкары чечүүгө жана жер ээлери менен натыйжалуу байланыш түзүүгө багытталган. Ленин районунун акимине алгач жарандарга альтернативдүү, бирдей жер тилкелерин берүү жана баш тартылган учурда, учурдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кадастрдык наркына жараша компенсация төлөөнү карап чыгуу тапшырылды.
Мэрия жерди пайдалануу боюнча бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилишин камсыз кылууну улантат» деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүүгө байланыштуу “Киргизия-1” турак жай конушунун тургундары жер участокторунан ажырап калган. Ал жакта жеке менчикке кызыл китеби, документтери бар тургундар болгон. Мэрия алынган жер участокторун мыйзамсыз алынган деп таануу максатында сотко берген. Ал жактагы тургундар да мэриянын чечими боюнча сотко кайрылып, алныган жер тилкеси үчүн компенсация талап кылып келишкен.
1-апрелде Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айрым ошол кездеги депутаттар Бишкек шаарында үйлөрдү бузуу маселесин көтөргөн.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg




