​5-6-октябрда жарадар болгондор Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну талап кылышты

  • 3 года мурун

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин келип чыккан 5-6-октябрдагы башаламандыктарда Ала-Тоо аянтында жарадар болгон 80ден ашуун адам экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышты.

Кайрылууда: «5-октябрдагы тынч митингге чыккандарга күч колдонулду, желим октор атылып, көздөн жаш агызуучу газ чачылды. Ондогон адамдар оор жаракат алып, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумду. Биздин оюбузча тынч элге карата күч колдонуу буйругун ошол кезде армияны, өлкөнү башкарып турган Сооронбай Жээнбеков берген. Оор кылмыш жасалып, адамдар майып болуп, бир адам өлгөнүнө карабай, эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат. Ушундан улам Сооронбай Жээнбековго карата токтоосуз кылмыш ишин ачууну суранабыз» деп жазышкан.

Башкы прокуратура жана өкмөт аппараты бул кайрылууга байланыштуу комментарий бере элек.

Бишкекте 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон башаламандыктар маалында 1 221 адам жабыркап, жүздөй киши ооруканага түшкөн.

Ондогон адамдардын көзү, башка органдары катуу жабыркаган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон.

2017-жылдан бери президент болуп келаткан Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда кызматын өз каалоосу менен өткөрүп берген.

Сүрөт: Султан Досалиев тарткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты