​Митингде каза болгон Үмүтбектин сөөгү жерге берилүүдө

  • 4 года мурун

5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин болгон башаламандыктан каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу бүгүн жерге берилүүдө.

Бул туурасында фейсбук колдонуучусу Шайырбек Тагаев жазып чыкты.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, Үмүтбек бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Ал кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып, Улуттук госпиталда көз жумган.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 8-октябрда саат 12де Лейлек районундагы Кара-Булак айылында өтүп жатат.

Эске салсак, Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты