2026-жылдан тартып ЖККУ баш катчысы Таалатбек Масадыков болот

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын ЖКУУдагы өкүлү Таалатбек Масадыков ЖККУ катчысы болот.

Бул тууралуу Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин ТАСС жазды. Анын айтымында, 2026-жылдын 1-январынан тартып Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетовду Таалатбек Масадыков алмаштырат.  

Таалатбек Масадыков учурда ЖКУУнун баш катчысынын орун басары. 2022-жылы ал Кыргызстандын президентинин өзгөчө иштер боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган.    

Таалатбек Масадыков эл аралык мамилелер боюнча эксперт, дипломат. 1961-жылыЧүй облусунун Беш-Күңгөй айылында туулган. Эки уулу жана кызы бар. Кыргыз, орус, англис жана пушту тилдеринде эркин сүйлөйт  

1984-жылы Мосвка мамлекеттик эл аралык мамилелер университетин аяктаган. 1988-1991-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка институтунун аспирантурасында окуган. Афган адабияты боюнча диссертация жактаган.   

1995-1996-жылдары Кыргызстандын өкмөтүнүн мүчөсү болгон.

12 жыл БУУ системасында иштеген.

2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоого талапкер катары катышкан.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты