Таалатбек Масадыков ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды
- 1 год мурун
Таалатбек Масадыков ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович 2024-жылдын 1-январынан тартып Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды жана ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
Белгилей кетсек, бүгүн, 22-декабрда, Мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Президент Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковго жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Муну бөлүшүү