Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Таалатбек Масадыков мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Жакында эле Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутаттар Таалатбек Масадыков кайда экенин Коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкуловдон сурашкан. Иманкулов Масадыков президенттин тапшырмаларын аткарып иштеп жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты