Нооруз майрамы Нарын шаарында белгиленет
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленет.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Майрамдык иш-чара президенттин катышуусу менен өтөт.
Салтанаттын алкагында келген конокторду өзгөчө пролог жана театралдаштырылган көрүнүштөр тосуп алат. Расмий бөлүктө өлкө башчысынын куттуктоо сөзү угулуп, андан соң кеңири концерттик программа тартууланат.
Сахнада Кыргызстандын белгилүү ырчылары, чыгармачыл жамааттары жана өнөрпоздору өнөр көрсөтүп, элдик жана эстрадалык чыгармалар жаңырып, майрамдын шаңын арттырат.
Мындан тышкары, 120 адамдан турган “Шаттык” бий ансамбли, 50 добулбасчы жана ири көркөм көрсөтүүлөр уюштурулат.
Бул күнү Нарын шаары өзгөчө майрамдык маанайга бөлөнүп, улуттук салт-санаа, ыр-күү жана маданий баалуулуктар кеңири даңазаланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Маданият министрлигинин видеосунан




