Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө
- 3 месяца мурун
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.
Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымат берилди.
Жыйынга президент Садыр Жапаров төрагалык кылууда.
Садыр Жапаров Беларусь лидери Александр Лукашенкону, Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаевди, Россиянын лидери Владимир Путинди жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмонду тосуп алды.
Саламдашуу аземинен жана биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери сүйлөшүүлөр залына бет алышты.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




