Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаарында өткөн кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;

— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук стратегиясы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026–2030-жылдарга карата Баңгизаттарга каршы стратегиясы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө” ЖККУ ЖКК билдирүүcү;

— “Жамааттык коопсуздук тууралуу келишим уюмунун башкы катчысы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын төрагасы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жана ага мүчө-мамлекеттердин маалыматтык мейкиндиктеги оң имиджин калыптандыруу чаралары жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026–2030-жылдарга карата аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;

“Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) башкарууну уюштуруу жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Эл аралык коопсуздукту камсыз кылуудагы эмгеги үчүн” медалы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгынын маалыматтык-аналитикалык башкармалыгы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышы боюнча отчет тууралуу” ЖККУ ЖКК чечими;

— “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2026-жылга карата бюджети тууралуу” ЖККУ ЖКК чечими.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты