Пикетке чыккандар «саясий туткундардын» сотун ачык өткөрүүнү талап кылышты

  • 3 года мурун

Бишкекте кечээ, 9-ноябрда, Ак үйдүн алдында нааразылык акциясы өттү. Аны өздөрүн «Айымдар кыймылы» деп атаган бирикме уюштуруп, алар «мыйзамсыздыкка жана башаламандыкка каршы» ачкачылык жарыялаганын билдиришти.

Беш-алты аял колуна «Убакыт келет, сот жооп берет», «Сот иши ачык өтсүн», «Конституциядан колуңду тарт!» деген жазууларды кармап турушту.

Акцияга чыккандардын бири Асылгүл Эдилова «Апрель ТВ» телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп атап, анын соту ачык өтүшү керек экенин айтты:

«Кечээтен бери ачкачылык жарыяладык. Акциябызды 2-ноябрда эле баштаганбыз. Бирок эч ким көңүл бурган жок. Биринчи кезекте Алмазбек Шаршеновичке жана бардык саясий туткундарга калыс мамиле болушун талап кылып жатабыз. Экинчиден, парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтсүн. Себеби ишеним артылбаган алтынчы чакырылыш дагы эле отурат».

Эдилова уюмдун атынан жалпысынан беш талап жазылган кайрылуу Жогорку соттун жетекчилигине жөнөтүлгөнүн айтты. Анда саясий негизде камалгандардын сотун ачык өткөрүү тууралуу талап коюлганын билдирди.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кеткени үчүн эркинен ажыратылган. Мындан тышкары дагы бир нече иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы мамлекет башчысы азыр Бишкектеги №47 колонияда кармалууда.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан.

2019-жылдын августунда камалган Атамбаев быйыл 6-ноябрдагы башаламандык учурунда түрмөдөн чыккан, бирок бир нече күндөн кийин ал катышкан митингде уруш чыгып, кайра камалган.

Атамбаевге карата козголгон иштердин баары жабык өтүп жатат.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты