​Алмазбек Атамбаев Батукаевдин бошотулушу боюнча 11 жылга эркинен ажыратылды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу өткөн сотто өкүм чыкты.

Сот Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үй-мүлкүн конфискациялоо менен – 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу өкүмүн окуду.

Ошондой эле Атамбаев мамлекеттик бардык сыйлыктарынан ажыратылды. II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратылды.

Батукаев 2006-жылы баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Ал түрмөдөн 2021-жылдын орто ченинде чыгышы керек болчу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Алмазбек Атамбаев баштаган анын ондон ашык тарапташына Кой-Таш окуясы боюнча да Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты