Адахан Мадумаров Президенттикке талапкерлигин коет
- 4 года мурун
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Президенттикке талапкерлигин коет.
Бул тууралуу ал басма сөз жыйынында билдирди.
Мадумаров өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары чыгат.
БШКнын 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.
2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан.