2010-жылдын Июнь окуялары: Сот уланууда

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2010-жылдын Июнь окуялары боюнча кылмыш ишин кароо улантылууда.

Бул сотко чейин Кемпир-Абад окуясы боюнча камакта жаткан Майлайзиядагы мурдагы элчи Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов алынып келинди.

Сотко ошондой эле Коргоо экс-министри Исмаил Исаков, Жалал-Абад жана Ош облустарына мурда комендант болгон Бактыбек Алымбеков келишти. Бактыбек Алымбековдун адвокаты ооруп калгандыктан, сотко келе албай, ага мамлекеттик адвокат берилди.  

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү өткөн жылы 10-августта белгилүү болгон. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” боюнча айып коюлган.

“ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-тет” берүүсүндө “Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан коюлган айып боюнча мындай деген:

-Биринчиден, бүгүнкү күндө 7-апрелди жокко чыгаруу аракети болуп атат. Булардын максаты 7-апрелди жокко чыгарып, Бакиевдерди аппак кылып тазалаш. Экинчиден, июнь окуясына түздөн-түз күнөөлүү — Бакиевдер. Анын баласы, инилери жана анын тарапташтары өздөрүнүн бийликтерин калыбына келтирүү аракеттерин дагы унуткарып, башка нукка буруп атат. Үчүнчүдөн, бүгүнкү бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн туура эмес иштерин эл көп билбесин деген нерсе болуп атат. Төртүнчүдөн, биздин саясий көз карашыбыз себеп болуп атат, — деген Исмаил Исаков.  

Июнь окуясына байланыштуу 2010-жылы кызматта жүргөн жыйырмадай саясатчы суралган. Алардын арасында Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Сүрөт: 24kg       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты