Исмаил Исаков: «Булардын максаты 7-апрелди жокко чыгарып, Бакиевдерди аппак кылып тазалаш”

“ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-тет” программасынын кезектеги чыгарылышынын коногу “Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков болду. Ал, 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан коюлган айып боюнча, ошондой эле азыркы саясий кырдаал боюнча маек куруп берди.

Биринчиден, бүгүнкү күндө 7-апрелди жокко чыгаруу аракети болуп атат. Булардын максаты 7-апрелди жокко чыгарып, Бакиевдерди аппак кылып тазалаш. Экинчиден, июнь окуясына түздөн-түз күнөөлүү Бакиевдер. Анын баласы, инилери жана анын тарапташтары өздөрүнүн бийликтерин калыбына келтирүү аракеттерин дагы унуткуруп, башка нукка буруп атат. Үчүнчүдөн, бүгүнкү бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн туура эмес иштерин эл көп билбесин деген нерсе болуп атат. Төртүнчүдөн, биздин саясий көз карашыбыз себеп болуп атат”, — деди ал. 

Ошондой эле, Исмаил Исаков өзүн оппозиция деп айтпай тургандыгын, бирок дайыма оппозициялык экинчи пикир болушу керектигин белгилейт.

Албетте, бийлик тарабынан оппозицияга болгон кысым. Бизде бийликтин тең салмактуулугу, бирин-бири тарта турган механизмдери жок. Баардыгы бир колго өтүп калган. Бул эртедир-кечпи жыгылат. Адамдын укугун кескенге, каршы айткандарга басым жасаганга, куугунтукка алып барат. Жыйынтыгында, акыры барып туруп өздөрү жыгылат. Муну тарых көрсөткөн”, — дейт “Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО: 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты