Атамбаевге 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Мурдагы Алмазбек Атамбаевге 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына жактоочу Замир Жоошев тастыктады.

Анын айтымында, жактоочу Сергей Слесарев аркылуу билдирме берилген. «Жазык кодексининин 337-беренесинин 4-бөлүгүнүн (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду«, — деди Замир Жоошев.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты