2010-жылдын Июнь окуялары боюнча сот отуруму улантылат  

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2010-жылдын Июнь окуялары боюнча сот отурумунун мөөнөтү эки айга узартылды. Соттогу бөгөт чара мөөнөтү 2023-жылдын 3-февралына чейин узартылды.

Келерки сот отуруму 8-декабрда улантылат.

Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда, сот отурумунда белгилүү болду.

Буга чейинки отурумда прокуратура өкүлү айыпталуучуларга коюлуп жаткан айыптар менен тааныштырды. Анда айыпталуучулардын бардыгы келтирилген айыпка макул эместигин билдиришти. Исмаил Исаков соттогу айыпты “курулай айып тагуу, алардын өздөрүнө кылмыш иши козголуш керек” экенин билдирди.    

Сот отурумуна абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да алып келинди. Бирок тартипти бузду деген эскертүү менен сот залынан алынып кетти. Сотко экс-коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын экс-жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын мурдагы коменданты Бактыбек Алымбеков катышты.

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болгон. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” боюнча айып коюлган.

“ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-тет” берүүсүндө “Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан коюлган айып боюнча мындай деген:

Биринчиден, бүгүнкү күндө 7-апрелди жокко чыгаруу аракети болуп атат. Булардын максаты 7-апрелди жокко чыгарып, Бакиевдерди аппак кылып тазалаш. Экинчиден, июнь окуясына түздөн-түз күнөөлүү Бакиевдер. Анын баласы, инилери жана анын тарапташтары өздөрүнүн бийликтерин калыбына келтирүү аракеттерин дагы унуткарып, башка нукка буруп атат. Үчүнчүдөн, бүгүнкү бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн туура эмес иштерин эл көп билбесин деген нерсе болуп атат. Төртүнчүдөн, биздин саясий көз карашыбыз себеп болуп атат, — деген Исмаил Исаков.  

Июнь окуясына байланыштуу 2010-жылы кызматта жүргөн жыйырмадай саясатчы суралган. Алардын арасында Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты