Фарид Ниязов, Кадыр жана Сейит Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча Фарид Ниязов кармалды.

Маалыматка ылайык, Фарид Ниязов Бишкекте массалык баш-аламандыкты уюштуруу фактысы боюнча кармалды.

Ошондой эле Кадыр жана Сейит Атамбаевдер, “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков кармалганы айтылууда. Акыркыларынын кармалганын УКМК тастыктаган жок.

Буга чейин бүгүн, 10-октябрда, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алмазбек Атамбаеди кармаган. Ошондой эле жан сакчылары Канат Сагынбаев, Дамира Мусакеев кармалган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Эске салсак кечээ, 9-октябрда, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Тилек Токтогазиев тарапкерлери менен биргеликте Ала-Тоо аянтында митинг өткөн. Жыйынтыгында Садыр Жапаровдун тарапташтары менен пикир келишпестик жаралып, Токтогазиев башынан жаракат

алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты