Тилек Токтогазиев жаракат алды

  • 3 года мурун

9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учурады.

Митингде бир нече адам сүйлөп бүткөндөн кийин аянтка белгисиз бирөөлөр таш ыргыта башташкан. Ал жердеги айрым кабарчылар аянтка Садыр Жапаровдун тарапкерлери келгенин айтышты. Митингчилер тарап, ошол эле маалда жүздөгөн киши аянтта турат.

Ала Тоо аянтындагы кагылышта Тилек Токтогазиев башынан жаракат алганын “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бышыкташты. Маалыматка ылайык, Токтогазиев башынан жаракат алып, Улуттук Госпиталга жеткирилди. Ал эмнеден жаракат алганы азырынча белгисиз. Интернетке эс-учун жоготкон активистти бир нече адам көтөрүп бараткан видеотасма жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты