Өкмөт муктаж үй-бүлөлөрдү тамак-аш азыктары менен камсыздоого 200 млн сом бөлдү

  • 4 года мурун

Өкмөт муктаж үй-бүлөлөрдү тамак-аш азыктары менен камсыздоо иш-чараларына 200 млн сом бөлдү.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Чечимге ылайык, финансы министрлиги өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде турмуштук оор абалда калган жарандарды тамак-аш азыктары менен камсыздоо иш-чараларына 200 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлгөн.

Бул чечим калктын социалдык жактан аярлуу категорияларын коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоо максатында кабыл алынды. Каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынын алкагында жүргүзүлөт.

Аймактардагы тийиштүү гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жоопкерчилик алат.

Кыргызстанда 16-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталып, бардыгы 466 болду.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты