Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 78 ге жетти

  • 4 года мурун

Кыргызстанда бир сутка ичинде, 15-апрелге карата, 7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Айыккандардын жалпы саны 78 ге жетти.

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан 2 бейтап, Бишкек шаарынан 5 бейтап, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.

15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталып, жалпы саны 449 га жетти.

Коронавирус жугузган медцина кызматкерлеринин саны 15-апрелге карата 98 кө жетти.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты