​Президенттик аппарат өзгөчө абал шартында ЖМК менен иштөө форматын кайра карап чыгууну сунуштайт

  • 4 года мурун

Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү республикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга ЖМК менен иштөө форматын, атап айтканда, өзгөчө абал мезгилинде аларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштайт.

Муну менен бирге, ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүү сунушталды

«ПолитКлиника» медиасы өзгөчө абал учурунда ЖМКга аккредитация берүү сунушу менен кайрылган. Кайрылуу менен бул шилтемеден таанышсаңыз болот)

Түзүлгөн кырдаалдан чыгыш үчүн медиа коомчулук казакстандык тажрыйбаны алып, ЖМК өкүлдөрүнө кызматтык күбөлүгүнүн түп нускасы жана баш редактор кол койгон редакциялык тапшырмасы болсо, ЖМКны убактылуу жабылууга жатпаган тармактар жана ишмердик түрлөрүнө киргизүүнү сунуш кылат.

Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталып, бардыгы 430 га жетти. Анын ичинен 79у — медицина кызматкери.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

Бүгүн, 14-апрелде, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты