​Күндүн сүрөтү: Аткаминердин экипировкасы

  • 4 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Бишкектеги №1 интернатта обсервацияда жаткандардын абалы менен таанышып чыкты.

Аткаминер короновируска каршы күрөшүүнүн бутунан башына чейин толук кийимин кийип жүрөт. Ошол элек кезде оорунун очогунда иштеген врачтарга беткап, колкап жетишпегени айтылууда.

Бул арада дары-дармектер боюнча адис Бермет Барыктабасовага өлкөнүн ар кыл аймагынан кат жазышууда, беткап, колкап, халат сурашууда. «Дайыма туруктуу камсыздоо болушу керек. Бирок, ушул тапта медиктер корголбогонун көрүп жатабыз» деди ал.

Аткаминердин экипировкасы оорулууларды тейлегендердин, текшергендердин баарында болсун деп тилек кылалы.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Бардыгы 42 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты