Дарыгерлер беткап жана коргоочу костюм жетишпей жатканына даттанышууда (видео)

Бул арада дары-дармектер боюнча адис Бермет Барыктабасовага өлкөнүн ар кыл аймагынан кат жазышууда, беткап, колкап, халат сурашууда. «Дайыма туруктуу камсыздоо болушу керек. Бирок, ушул тапта медиктер корголбогонун көрүп жатабыз» деди ал.

Бермет Барыктабасова дарыгерлер буга чейин эле халаттарды жана коргонуу каражаттарын өз акчаларына сатып алып келишкенин билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова дарыгерлер мүмкүнчүлүккө жараша беткап менен камсыздалып жатканын айтты:

– Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан беткаптар даярдалууда. Бирок аларды эки саат сайын алмаштырып туруш керек. Бардык запас түгөнүүдө. Негизги сокку түштүктө болду. Биз каражаттарыбыздын бир бөлүгүн ошол жакка жөнөттүк. Бирок таңсыктык сезилип жатат.

Өлкөдө коронавирус жуктурган 16 учур катталды. Илдетке каршы туруу үчүн республикалык бюджеттен Саламаттык сактоо министрлигине 30 млн. сом бөлүнгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты