Кыргызстанда коронавирустун 26 учуру катталды. Бардыгы 42 болду

  • 4 года мурун

24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында,

Ноокат аймактык ооруканасында, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында, Баткен облустук бириккен ооруканасында

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 кишиден алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө).

Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;

6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;

14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;

Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Бүгүн, 24-мартта, Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда өзгөчө абал киргизилди. Эртең, 25-марттан, баштап Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилет.

Бүгүн, 24-мартка карата дүйнө жүзү боюнча 378 миңден ашуун адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды, 16 миңден ашуун киши көз жумду.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты