​Батукаевдин иши: Нарындын экс-сотунун жоопкерчилиги карала баштады

  • 5 лет мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча Нарындын экс-сотунун жоопкерчилиги карала баштады.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шарынын соту Ж.Э. Жаза аткаруу кызматынын №24 (СИЗО- 4) мекемесинин начальнигинин орун басарынын милдетин аткаруучунун Азиз Батукаевди өтөй элек 8 жыл 3 ай 7 күн жазасынан бошотуу тууралуу көрсөтмөсүн караган.

Азиз Батукаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылган.

Берилген көрсөтмөгө мекеменин башчысы эмес, башчысынын милдетин аткаруучу кол койгон, б.а. бул маселеге башчы гана кол коюшу керек эле. Мыйзамга ылайык, сот бул ишти өндүрүшкө албаш керек болчу.

Нарын шаардык соту Ж.Э. нин иши Кылмыш-Жаза кодексинин 319-беренеси, туура эмес чечим чыгаруу жана 319-берене, коррупция боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бул иш боюнча сотко чейинки ишти УКМК Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жаткандыгын Баш прокуратуранн басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш боюнча экс-вице-премьер Шамил Атаханов, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качыналиев жана бир нече врач кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты