​Жаза аткаруу кызмат жетекчисинин экс-кеңешчиси кармалды

  • 5 лет мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалды.

Андай маалыматты ИИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Батукаевдин иши боюнча Саламаттык сактоо экс-министри Динара Сагынбаева, андан мурдараак медициналык кызматкерлер кармалган.

Алар Батукаевди бошотуудагы коррупцияга катышы, документти жасалмалоо боюнча айыпталууда.

Батукаевди бошоткон учурда Калыбек Качкыналиев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси болгон.

Нарын шаарынын соту киши өлтүрүү, курал алуу, баш-аламандык уюштуруу боюнча 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаевди .

2013-жылы рак илдетине кабылганына байланыштуу деген негиз менен абактан бошоткон.

Ал иш 2019-жылы январь айында кайра карала баштаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты