​Батукаевди абактан бошотуу боюнча Шамил Атаханов кармалды

  • 5 лет мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу боюнча мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Шамил Атаханов Бишкек шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Батукаевди абактан бошотуу боюнча Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, Жогорку Кеңеш депутаты Зарылбек Рысалиев сурак бергени маалым болгон.

Батукаевди бошотууга катыштыгы бар делген Саламаттык сактоо мурдагы министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана врачтар камалган.

Нарын шаарынын соту оор кылмыштар боюнча 16 жылга соттолгон Азиз Батукаевди 2013-жылы рак болуп ооруган деп абактан бошоткон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты