​Тоңдо Дамир Мусакеевди колдогон митинг болду

  • 5 лет мурун

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевди колдогон митинг өттү.

Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында митингге 300 дөй киши катышты. Митингге чыккандар азыркы бийлик экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасындагы кишилерге куугунтук жасап жатышат деп нааразы болушту.

Митингчилер куугунтуктан көрө бийликти Тоңдогу жолдорду оңдоого чакырды.

Дамир Мусакеевге Кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мыйзамсыз баюу) менен айып тагылганын жана сотко чейинки тергөөгө алынганын Баш прокуратура маалымдаган.

Ага жооп катары Мусакеев болгон байлыгын журналисттерге көрсөтүп берген жана аны байып кетти деген маалымат туура эместигин билдирген.

Дамир Мусакеев 2016-жылдын июнь айында 9-кызматтын башчылыгына дайындалган. 2018-жылдын апрель айында кызматтан алынган.

Ага чейин 9-кызматтын башчысынын орун басары, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты